Сооронбай Жээнбеков пандемияга каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарды сыйлады

Өлкө жетекчиси өз мекенине жардамга келген чет өлкөлөрдөгү мекендештерге да ыраазычылыгын билдирип өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, медиктерге жана коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сыйлык медиктерге, куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине жана журналисттерге берилди.

"Мен жалпы элибиздин тилектештигин, ынтымагын дагы бир ирет өтө сыймыктануу менен белгилейм. Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам берген азаматтарыбыз көп болду. Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле өз мекенине жардамга келген чет өлкөлөрдөгү мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.