COVID-19га туруштук берет. Вирусолог иммунитетти кантип бекемдеш керектигин айтты

Вируска каршы турууда адам толук кандуу тамактанып, уйкусун кандырып, ичимдиктен баш тартып койгону дурус.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. D витаминин көп колдонуу жана дени сак жашоо образын кармануу организмдин коронавируска туруштук берүүсүнө өбөлгө түзүшү ыктымал. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, вирусолог Анатолий Альтштейндин айтымына таянып РИА Новости жазды. 

Адистин баамында, иммунитетти бекемдөө үчүн биринчи кезекте эпидемияга каршы эрежелерди так аткаруу абзел. Алсак, аралыкты сактап, киши көп жерлерде бет кап тагынып, колду тез-тезден жууп, отурган жерди дезинфекциялап туруу шарт.

"Мүмкүнчүлүк болсо аралыктан иштеп, өзүн-өзү изоляция кылган да дурус. Бирок сейилдеп турууну эстен чыгарбаш керек. Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу да маанилүү", — деди Альтштейн.

Вирусологдун айтымында, D витаминин жеп турган кишинин организми коронавируска жакшы туруштук берет. Ошондой эле вируска каршы турууда адам толук кандуу тамактанып, уйкусун кандырып, ичимдиктен баш тартып койгону дурус.

Адистер өмүрдү узартууга жардам берген азыктарды атады

Альтштейн дени сак жашоо образы жана эпидемияга каршы чаралар дем алуу органдарын коронавирустан гана эмес, башка да вирустардан коргоого көмөкчү болот деп эсептейт.