Радио

Тургунбаева: социалдык стационар мекемелеринде 700дөй улгайган жаран бар

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Мира Тургунбаева өлкөдө 1-октябрда карыялар күнү 30 жылдан бери белгиленип жатканын айтты.
Sputnik
Тургунбаева: социалдык стационар мекемелеринде 700дөй улгайган жаран бар

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 17 социалдык стационардын алтоосунда 700гө чукул карыяга мамлекет тарабынан кам көрүлүүдө. Бул тууралуу Мира Тургунбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда 513 миңден ашык адам улгайган жарандардын катарына кирип, карыялар калктын сегиз пайызын түзөт.

Карылар жана балдар үйүн коомдук көзөмөлгө алуу мыйзам долбоору сунушталууда

"Улгайган адамдарга карата мамлекеттик саясат улуттук мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Карыяларга кам көрүү боюнча өкмөттүн беш жылдык планы бекитилген. Анын негизинде иш жүрүүдө. Мындан тышкары, жыл сайын 15-сентябрдан тарта улгайган жарандар үчүн бир айлык жарыяланып, көмөк көрсөтүлүп келет. Тилекке каршы, быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу бул датага карата иш-чаралар жетиштүү деңгээлде уюштурулбай калды. Коомчулукта жашы өтүп калгандарга сый мамиле кылып, аларга кам көрүү менталитетке сиңип калган. Ошентсе дагы ар кандай турмуштук жагдайлардан улам жалгыз күн кечирип же асыроосуз калган карыяларыбыз жок эмес. Булар үчүн атайын мекемелерде кам көрүлөт. Алсак, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 17 социалдык стационар бар. Алардын алтоо улгайган жарандарга социалдык колдоо көрсөтөт. Учурда бул мекемелерде 700гө чукул карыя өкмөт тарабынан багууга алынган. Ошондой эле мамлекеттик социалдык тапшырык мыйзамынын негизинде улгайган жарандар үчүн атайын борборлор түзүлүп, социалдык колдоо көрсөтүү иштери жасалууда", — деди Тургунбаева.

Ошондой эле ал мыйзамга ылайык эркектер 63, ал эми аялдар 58 жаштан кийин улгайган болуп эсептелерин кошумчалады.