Жээнбеков Будапешттеги ажайып имараттардын бирин көрүп чыкты. Сүрөт

Жээнбеков Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин жана ата мекендик айыл чарба азыктары экологиялык жактан таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Венгрияга болгон расмий визитинин алкагында өлкө лидери Янош Адер менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланган. Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болгон.

"Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин жана ата мекендик айыл чарба азыктары экологиялык жактан таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи. Өлкө башчы бул багытта өз ара кызматташууга даярдыгын билдирип, Венгрия президенти Янош Адерди Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жээнбеков Венгрия Улуттук Жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен кезигип, Будапешттин эң кооз курулуштарынын жана шаардын тарыхый ажайып жайларынын бири болуп саналган Парламент имаратын көрүп чыккан.

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

Ласло Кёвер Венгрия Улуттук Жыйыны эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн болгон аракетин жумшай тургандыгын айткан. Ал эпидемиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга келүү ниети бар экендигин айтып, ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы менен жемиштүү кызматташууга ишеним артарын билдирген.

Өз кезегинде Жээнбеков Венгрия менен кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын белгилеп, расмий визитинин жыйынтыгы конкреттүү натыйжаларды берерине ишенерин кошумчалаган.