Жер көчкөн Кара-Кече көмүр кенине электр жарыгы берилди. Сүрөттөр

Эске салсак, 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Тоодон кулаган таш менен топурак Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тосуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кара-Кече көмүр кенинде электр линияларынын орду которулуп, жарык берилди. Бул тууралуу "Чыгыш электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Тоодон кулаган таш менен топурак Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тосуп калган

Жыйынтыгында электр зымдары жана мамылар жер көчкүнүн алдында калып, жарык үзгүлтүккө учураган. Андан сырткары, 38 электр мамысы көчкү алдында калуу коркунучу жаралган.

"Буга байланыштуу Кара-Кече көмүр кенине жарык жеткире турчу электр линияларынын орду которулду. Бул ишке "Чыгыш электр" ишканасынын Жумгал райондук электр тармагынын кызматкерлери тартылып, беш күн иштеди", — деп айтылат билдиүүдө.

"Түндүк электр" карызы бар 2 700 ишкананын жарыгын өчүрүүгө камынууда

Учурда көмүр кени толук жарык менен камсыз болгон.