Радио

Султаналиев: идентификацияланган электрондук капчыктын иши токтобойт

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Санариптик финансылык технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев 1-октябрдан тарта идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктардын иши токтой турганын айтты.
Sputnik
Султаналиев: идентификацияланган электрондук капчыктын иши токтобойт

Электрондук капчыкты идентификациялоо — ишкерликти чектөө эмес. Анткени алардын иши токтоп калбайт. Бул тууралуу Айбек Султаналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык электрондук капчыктар дагы идентификациялануусу зарыл.

КРде 1-октябрдан тарта айрым электрондук капчыктардын иши токтойт. Себеби

"Улуттук банктын башкаруучулугунун 2019-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган токтомуна ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан баштап идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктар тейленбейт. Бул чара айрым тобокелчиликтердин алдын алуу жана аларды минималдаштыруу максатында киргизилүүдө. Тактап айтканда, террорчулукту каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы мыйзамдын талаптарын аткаруу, тыюу салынган товарларды сатып алуунун алдын алуу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, автоматташтырылган системалар иштен чыкса, идентификацияланбаган капчыктардын ээсине алардын акчасын кайтарып берүү кыйынчылык жарата турганын тажрыйба жүзүндө көрдүк. Электрондук капчыктарды милдеттүү түрдө идентификациялоо ишкерликти чектөө болуп саналбайт. Анткени алар өз ишмердигин токтотпойт. Тескерисинче, төлөм системаларынын ишин коопсуз жана ишенимдүү кылат", — деди Султаналиев.

Адис өлкөдө электрондук капчыктарды колдонуучулардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын белгилеп, бул төлөм системасынын келечеги кең экенин кошумчалады.