Бишкек: рейд учурунда коронавирустун жайылышына шарт түзгөндөр аныкталды

Көңүл ачуучу жайлар, интернет-клубдар, ресторан жана кафелер текшерилген. Натыйжада ондогон мекемелерден эреже бузуу катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Милиционерлер, мэрия менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттигинин кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, көңүл ачуучу жайлар, интернет-клубдар, ресторан жана кафелер текшерилген. Азырынча интернет-клубдардын ишине тыюу салынганы менен жашыруун иштеп жаткандары табылган.

"Ондон ашык мекемеде санитардык нормалар сакталбай жатканы аныкталды. Ошондой эле кээ бир кафе, ресторандар 50дөн ашык киши кабыл албоо эрежесин бузушкан", — дешти милициядан.

Мындан сырткары, коомдук транспорттун айдоочуларынан алты эреже бузуу фактысы катталган. Алар унаанын салонуна ашыгы менен эл салып, анысы аз келгенсип жүргүнчүлөрү бет капсыз болушкан.

Баткенде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, ээлерине айып салынды

Катталган фактылардын бардыгы сотко чейинки өндүрүшкө алынды.