Карабах чыры. Азербайжандык MMA мушкери армияга чакырылды

Спортчу аскердик кызмат өтөөгө кечээ жиберилген. Азербайжан бийлиги буга чейин Армения менен Тоолуу Карабахта болгон аткылашуунун тушунда мобилизациялоо жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Азербайжандык эрежесиз эр уруш (ММА) мушкери Тофик Мусаев өз ыктыяры менен өлкөнүн армиясынын куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылды. Бул тууралуу Azerisport.com маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, спортчу аскердик кызмат өтөөгө кечээ жиберилген. Азербайжан бийлиги буга чейин Армения менен Тоолуу Карабахта болгон аткылашуунун тушунда мобилизациялоо жарыялаган.

Ингушетиядагы операцияда КРде легионер-спортчу болгон Евлоев жок кылынды

Мусаев ММА спортундагы карьерасында 21 беттештин 18ин жеңип, үч ирет утулган. 30 жаштагы мушкер учурда Rizin мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси болуп саналат.

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялагандан соң, Азербайжан да өз өлкөсүнө аскердик абал киргизген.