Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту

Жолугушуудан соң президент менен премьер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу бүгүн, 29-сентябрда, Будапешт шаарындагы "Кармелита" сарайында өтүп, Ардак кароол тизилип, Кыргызстан менен Венгриянын гимндери жаңырды.

"Жээнбеков менен Орбан Ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат көрсөтүлүп, аягында кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан соң президент менен премьер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.

Венгрияга барган Жээнбеков Баатырлар аянтына гүлчамбар койду

Эске салсак, президент Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен аталган өлкөгө жооп катары жасалган сапары менен барган.

Өлкө башчысы иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, алаканы күчөтөрүн белгилеген.