Түркия: мейманканада кармалган сойкулардын экөө кыргызстандык болуп чыкты. Видео

Жашыруун бөлмөдө үч кыз жашынып жатканы белгилүү болду. Алардын экөө кыргызстандык, бири молдовалык экени аныкталды. Бардыгына кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Түркия полициясы мейманканалардын биринен акчага интимдик кызмат көрсөткөн кыздар жашынып жаткан "жашыруун бөлмөнү" таап алды. Жергиликтүү ЖМКлардын билдиргенине караганда, ал жакта кыргызстандык кыздар дагы болгон.

Маалыматка ылайык, Трабзон шаарынын полициясы рейд учурунда кыздар жашынып жаткан мейманкананы тинтүүгө алышкан. Алгач укук коргоочулар эч кимди тапкан эмес. Бирок кийин жашыруун бөлмөгө кирчү тешикти калкалап турган батарея алардын көңүлүн бурган.

"Бөлмөдө үч кыз жашынып жатканы белгилүү болду. Алардын экөө кыргызстандык, бири молдовалык экени аныкталды. Бардыгына кылмыш иши козголду", — деп айтылат кабарда.

Ал эми мейманкананын жетекчилиги мыйзамсыз кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн айыпка жыгылды .

Сойкукананын кардарларын жашыруун видеого тартып жүрүшкөн. Өзбекстандагы окуя

Макалада айтылгандай, Түркияда сойкулукка мыйзам жүзүндө уруксат берилген. Бирок ал үчүн сойкудан кайсы бир "көңүл ачуу жайында" каттоодо тургандыгы тууралуу лицензиясы жана жыныстык жол менен берилчү оорулардын жоктугун тастыктаган медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу документтер талап кылынат.