Таласта табылган петроглифтерди министр көрүп келди. Сүрөт

Тарыхый-маданий мурасты сактап, жакшыртуу үчүн анын статусу аныкталат. Мыйзам боюнча тарыхый табылга мамлекеттин карамагына өткөрүлүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Таласка барып, жакында эле табылган таштардын бетиндеги петроглифтерди көрдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, петроглифтер Көпүрө-Базар айылына караштуу Каракол капчыгайындагы Туюк-Төр деген жерде жайгашкан.

Жолдошев: Кыргызстанда азырынча 583 археологиялык аймак бар экени белгилүү

"Эми тарыхый-маданий мурасты сактап, жакшыртуу үчүн анын статусун аныкташ керек", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстандын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо" жөнүндөгү мыйзамында археологиялык табылгалар мамлекетке өткөрүлүп, анын аймагына курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары белгиленди.