Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды

Өлкө башчы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү постпандемиялык мезгилде өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө бир кыйла салым кошоруна токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды

Эске салсак, президент Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда, Орбандын чакыруусу менен аталган өлкөгө барган. Орбан Жээнбековду жылуу кабыл алып, венгер эли байыркы тарыхы жана маданияты болгон дүйнө элдерин, анын ичинде кыргыз элин дагы өзгөчө сыйлай турганын белгиледи.

"Венгрия Кыргызстанды байыркы маданий салт-санаага жана терең маданиятка ээ өлкө катары тааныйт", — деди Орбан.

Жээнбеков кыргыз-венгер кызматташтыгын кеңейтүүдө чоң потенциал бар экенине токтолуп, бүгүнкү күндө ал жаңы стратегиялык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи.

"Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөшүбүз Венгрия болгонуна кубанычтабыз. Күн тартибибиз саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелерди камтыйт", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү постпандемиялык мезгилде өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө бир кыйла салым кошоруна токтолду.

Ошондой эле ал биринчи кыргыз-венгер бизнес форумун өткөрүү эки өлкөнүн ишкерлерине пайдасы тийип, соода-экономикалык кызматташууга түрткү боло турганын кошумчалады.