Кыргыз сому аукциондо 60 эсе кымбат сатылып жатат

Кыргыз банкнотунун нумизматтар баалаган өзгөчөлүгү бар. Анын баштапкы баасы 150 доллар же 11,9 миң сом. Акча CA 0000000 сериясына кирет, бирок ошол эле учурда анын "Үлгү" деген белгиси жок.
Sputnik

БИШКЕК, 29-cен. — Sputnik. Интернеттеги eBay аукционуна 200 сомдук купюра коюлду.

Анын баштапкы баасы 150 доллар (11,9 миң сом). Банкнот CA 0000000 сериясына кирет, бирок ошол эле учурда анын "Үлгү" деген белгиси жок.

Сомдун куну түшүп жатканына байланыштуу Улуттук банк 19,6 млн. доллар сатты

Улуттук банк Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине катар номерлери жети нөлдөн турган банкноттор демонстрациялык болуп саналарын жана төлөө каражаты катары эсептелбей турганын билдирди.