Кезекке турсаңыз болот! Бишкектин чок ортосуна жаңы бала бакча ачылды. Сүрөт

Бакчада балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анын аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эртең мененки текшерүү ишин жаңы ачылган бала бакчадан баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бакча Тыныстанов көчөсүндөгү (Токтогул менен Москва көчөсүнүн ортосу) мурдагы Биринчи май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна курулган.

"100 орундуу бакчага кенже, орто жана улуу курактагы балдар кабыл алынат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бакчага 11 деген номер берилип, электрондук каттоо ачылды", — дешти мэриядан.

Маалыматка караганда, бакчада балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анын аянты 1 216 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн.

Эске салсак, аталган даректеги бакчаны куруу иши өткөн жылдын ноябрь айында башталган.