Баткен облусунда күздүк эгин себүү башталды

Облуста келерки жылга 6 991 гектар жерге күздүк себүү пландалган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 984 гектарга көп.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Баткен облусунда күздүк эгин себүү башталып, Кадамжай районунда 22 гектар жерге айдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Облуста 2021-жылдын түшүмү үчүн 6 991 гектар жерге күздүк себүү пландалган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 984 гектар аянтка көп.

Быйыл Баткенде дан эгиндери 1 117 гектар жерден жыйналды

"Күздүк себүүнү утурлап, Кадамжай районунда түшүмдүүлүктү арттыруу максатында дыйкандарга үрөндү туура тандоо, органикалык жер семирткичтерди колдонуу боюнча окутуулар уюштурулган", — деп айтылат маалыматта.

Былтыр гектарынан 2,8 тонна түшүм алынган болсо, быйыл үч тоннадан алуу пландалган.