БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке талапкер болгондордун көпчүлүгүнүн Россияга болгон көз карашы жакшы. Бул тууралуу вице-премьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы Акрам Мадумаров россиялык журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал Кыргызстан менен Россиянын алакасы ар тараптан өнүгүп жатканын белгилеген.
"Биздин талапкерлер жана партиялар Россияга түз көз карашта деп ойлойм. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуу эки миллиард доллардан ашты. Бүгүнкү күндө биз бир катар союздун курамында биргебиз. Биздин кызматташтык эки тараптуу эле эмес, көп тармактуу форматта ийгиликтүү өнүгүп жатат", — деди Мадумаров.
Вице-премьер: интеграциялык процесстер өлкө эгемендигине коркунуч келтирбейт
Вице-премьер, эң башкысы, эл муну туура кабыл алып, Россия менен алака жыл сайын бекемделип жатканын туюп келгенин кошумчалады.