Министрлик: шайлоого карата вирус жуктургандардын саны азайтылган жок

Министрликтин өкүлү июль айында вирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, кийин кайра азайганын эске салуу менен бул кадыресе көрүнүш экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүп алуу үчүн коронавирус жуктургандардын саны атайылап азайтылып айтылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, соцтармактын колдонуучулары шайлоого карата элди дүрбөлөңгө салбаш үчүн илдет боюнча статистика азайтылып көрсөтүлүп жатышы мүмкүндүгүн болжошууда.

COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

Бул боюнча Үсөнбаев саламаттык сактоо тармагынын шайлоого эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

"Статистика төмөндөгөн жок. Керебеттер толуп эле калып жатат. Июлда ооругандардын саны абдан көбөйгөн, кийин кайра түштү. Бул кадыресе процесс. Учурда COVID жуктургандар кайра көбөйө баштаганын байкап жатабыз. Бул көрүнүштүн шайлоого эч кандай тиешеси жок", — деди Үсөнбаев.

Жогорку Кеңештин шайлоосу 4-октябрда өтөт. Акыркы кезде илдетке кабылгандардын саны күнүнө 100дөн түшпөй жатат.