КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир өлүм катталды. Ал эми жуктуруп алгандардын көбү мурдагыдай эле Ош жана Баткен олбустарынан болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 166 бейтап айыкса, 104 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 38;
  • Ош шаары– 24;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Баткен облусу – 31.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 19;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 37.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 355ке жетти. Анын ичинен 42 919у ооруну жеңди. Тилекке каршы, өткөн суткада бир адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

Азыркы учурда стационарда 700 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 520 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үч медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.