Коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык стратегиясы бекитилди

Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, жаңы антикоррупциялык стратегия Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында каралган болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Мындан тышкары, өкмөтүн, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жуманын ичинде даярдашы зарыл.

Ошондой эле жаңы документке ылайык, өкмөт мамлекеттик органдар тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү сунушталды.