COVID: абал курчугандан кийин медициналык мекемелерде 8 жетекчи иштен алынды

Министрдин орун басары айрым жетекчилерге административдик чараларды колдонууга да туура келгенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өлкөдөн эпидемиологиялык кырдаал курчугандан кийин ишинде кемчилик кетиргени үчүн медициналык мекемелерде сегиз жетекчи кызматтан алынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Брифингде июлдагы апааттан кийин кандай кадрдык алмашуулар болгону туурасында суроо берилген.

КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

"Кемчиликтери аныкталууда, эскертүү берилүүдө, тилекке каршы, административдик чараларды колдонууга да туура келип жатат. Эпидемиялык кырдаал курчуган убактан бери медициналык мекемелерде сегиз жетекчи кызматтан алынды, дагы сегиз жетекчиге катуу сөгүш берилди", — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал мындай административдик көзөмөл ар дайым жүргүзүлүп турарын белгиледи.