Окумуштуулар коронавирустун негизги “амалын” аташты

Адистер буга чейин башка илдеттерди дарылап келген синтетикалык интерферон эми коронавирус менен күрөшүүдө дагы таасирдүү болорун айтышат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Коронавирустун негизги “амалкөйлүүлүгү” — организмге түшөрү менен анын вирустарга каршы реакциясын жайлатып койгонунда. Мындай бүтүмгө америкалык вирусолог Шэйн Кротти келгенин жергиликтүү ЖМКга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Вирус организмдин алгачкы реакциясын начарлатуу менен утушта болот. Анткени коронавирус организмге түшкөндөгү негизги душманы болуп эсептелген интерферон заты жакшы иштебей калат. Тагыраагы, вируска каршы турчу эң маанилүү учурда иммунитет жооп бере албайт”, — деди адис.

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу

Буга чейин деле окумуштуулар интерферон жетишпеген адамдарда COVID-19 оорураак өтөрүн айтып келишкен. Андыктан адистер буга чейин башка илдеттерди дарылап келген синтетикалык интерферон эми коронавирус менен күрөшүүдө дагы таасирдүү болорун айтышат.