Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

28-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда күндүз республиканын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Ал эми өрөөндөрдө жана Талас облусунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Кар жаап, суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас, Нарын жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад облустарында +20...+25, Баткенде +19...+24, Ысык-Көл аймагында +13...+18 градус болот.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +17...+19, Ош калаасында +23...+25 градуска жетет.