БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Кара-Жыгач жаңы конушунун тургундары таштанды тазалатууга 653 миң сом карыз. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Ал Facebook баракчасындагы "Кара тизме" тайпасына айрым адамдар таштандыларын мектептин жанына ыргытып жатканын жазып, сүрөттөрүн жарыялаган.
"Дайыма тосмонун жанына таштанды ыргытпайбыз деп сөз беришет, "Комтранском" тазалап кетет, бир-эки күндөн кийин кайрадан толуп калат. График боюнча алар таштандыны дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин алып кетет. Бул конушта таштанды салган 17 контейнер бар. Алар күн сайын тазаланып турат. "Комтранском" үй, короо, аянттарды айланып чыгат", — деди Каракеева.
Анын айтымында, аталган райондун айрым тургундары таштандылар айлап тура берерин айтып арызданып келишет. Муниципалдык ишкананын маалымат катчысы жергиликтүү тургундардан карыздан кутулуп, мектептин жанына таштанды ыргытпоону суранды.