Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок, анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, – деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.