Адабиятчы: жомок баланын инсан катары калыптанышында чоң роль ойнойт

Култаева бүгүнкү күндө кыргыз тилинде балдар адабиятынын эң чоң байлыгы турганын айтып, болгону чыгармаларды баалаган окурман жок экенине токтолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. КРдин эл агартуусунун отличниги, адабиятчы Үмүт Култаева Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып, балага жомок окуп берүү канчалык маанилүү экендигин түшүндүргөн.

Анын айтымында, жомок баланын калыптанышына сөзсүз түрдө оң таасирин тийгизет.

"Жомок — бул бүгүн табылган жанр эмес. Анын тамыры тереңде. Жомокто элдик дүйнө тааным, элдик психология берилгендиктен, ал сөзсүз түрдө баланын аң-сезимине таасир этет. Ал тургай дүйнөгө атагы чыккан Пушкиндин "күндө кечинде жомок угам, ушуну менен каргыш тийген тарбиямдын кемчилдигин толуктайм" деп айтканы бар. Бардык жагынан шарты түзүлүп, атайын бала багуучу жалданган Пушкин да жомок менен тарбияланганын айтууда. Демек, бул чыгарма сөзсүз түрдө баланын калыптанышына оң таасирин тийгизет. Бөбөктө фантазия абдан өнүккөндүктөн, алардын фантазиясына ылайык жазылган чыгарма өзүнө тартат. Сюжетте кескин бурулуштар болуп, тез жана динамикалуу өнүгүп турушу керек. Ошондой эле чыгарма кыска болушу абзел. Чыгармада сыйкырдуу, аллегориялуу элементтер камтылса кичинекейлер жыргап угат", — деди Култаева.

Балдар психологу: апасынын таяк жегенин көрүп өскөн кыз атасындай күйөөгө жолугат

Адабиятчы бүгүнкү күндө кыргыз тилинде балдар адабиятынын эң чоң байлыгы турганын айтып, болгону чыгармаларды баалаган окурман жок экенине токтолгон. Анын айтымында, ата-энелер керектүү чыгармаларды таап, балдарына окутканды билбейт.