Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

Мамлекет башчы пандемия учурунда ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгына көңүл бурууну белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Карантин киргизиш оңой, баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт, бирок аны менен маселе чечилбейт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатканда айтты.

Журналист эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген сөздөрдүн айтылып жаткандыгы боюнча суроо берген.

"Карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт", - деген мамлекет башчы.

Жээнбеков пандемия учурунда ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгына көңүл бурууну белгилеген.

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

"Билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн натыйжасын берди. Бирок карантинди алгандан кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай кайдыгер мамиле кылып, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь-июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей ар адам өзүнө тыюу салганды, сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Ошондо гана карантиндик режим сакталат", - деген президент.

Кыргызстанда да коронавирус жуктургандардын саны акыркы күндөрү арбып бара жатат. 26-сентябрда COVID 158 кишиден табылды.