Улуу Ата Мекендик согуштун кылым жашаган ардагери – видео куттуктоо

Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкек шаарындагы ардагерин туулган күнү менен куттуктап Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк келди.
Sputnik

Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат. Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.

"Фрунзе" заводунда жана Кажы-Сайдагы тоо-кенин байытуу комбинатында тогуз жыл иштеген. Согуштан кийин ал жерден советтик өнөр жай үчүн уран казышкан. Дагы 32 жыл Сибирде эмгектенип, ардагер эмгек жолун 77 жашында аяктаган. Сибирден кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Ала-Бука: согуштун 94 жаштагы эки ардагерине автоунаалар белекке берилди. Сүрөт

Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк келди.

"Иван Николаевич, сиздин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мекенибизди жана башка европалык өлкөлөрдү бошотуудагы эрдигиңизди урматтайбыз. Азыркы заман үчүн сизге рахмат", — деп Сургаев ыраазылыгын билдирди.

Туугандарынын айтымына караганда, Иван Николаевич көп жагымсыздыкты алып келген согуш туурасында эстегиси келбейт.

Ардагер элчиликтин ар дайым көңүл буруп турганына жана бүгүнкү куттуктоосуна ыраазылыгын айтты.