Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү 41 күндөн кийин табылды

Кыз августтун ортосунда "Теплые ключи" эс алуу жайында жүргөндө сууга түшүп кеткен. Аны табууга бүгүн 95 куткаруучу тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кыздын сөөгү бир айдан ашык убакыттан кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кыз 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында жүргөндө Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин бүгүн, 26-сентябрда, саат 14:40тар чамасында тапты.

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен бөбөктүн сөөгү 8 күндөн кийин табылды

Аны табууга бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 куткаруучу тартылган. Кыздын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилгени кабарланды.