Милиция COVID жуктургандар менен байланышта болгондордун обочолонуусун көзөмөлдөйт

Транспортто жана имараттардын ичинде бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо режиминин аткарылышы катуу көзөмөлгө алынмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сент. — Sputnik. Өкмөт жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарына COVID-19 илдети тастыкталган жарандар менен байланышта болгондордун социалдык обочолонуусун катуу көзөмөлгө алууну милдеттендирди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул тапшырма Республикалык штабдын жыйынында берилген.

Айрым облустарда коронавирусту жуктургандардын көбөйүшүнөн улам Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына региондордогу эпидемиологиялык абалга талдоо жүргүзүп чыгуу тапшырылган.

"Эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо, абал курчуп кеткен учурда аны тез жөнгө салуу керек. Муну менен катар берилген тапшырмаларды ыкчам, ошол эле учурда сапаттуу жүзөгө ашыруу шарт", - деген Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков.

Ал коомдук жайларда, транспортто жана имараттардын ичинде бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо режиминин аткарылышы, эпидемиологиялык коопсуздук талаптары боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген.

Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

Кыргызстанда да коронавирус жуктургандардын саны акыркы күндөрү арбып бара жатат. 26-сентябрда COVID 158 кишиден табылды.