Бишкек: көп кабаттуу үйдөгү бир батир күйүп кетти. Видео

Күбөнүн айтымында, кырсыктан жаракат алган адамдар жок. Учурда өрттүн эмнеден келип чыкканы такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бир батири күйүп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга окуяга күбө болгон киши билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан жаракат алган адамдар жок.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган дарекке өрт өчүрүүчүлөр саат 10.58де чыгып кеткенин билдирди. Саат 12:25те өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалын тогуз кабаттуу турак жайдын экинчи кабатындагы батирден чыккан.

Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.