Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт

Дайверлер Тору-Айгыр жана Бостери айылдарындагы көлдүн түбүн тазалашкан. Иш-чара Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери экологиялык акция уюштуруп, Ысык-Көлдөгү таштандыларды тазалашты.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, көлдүн түбүндөгү жана жээгиндеги таштандылар чогултулган.

"Тору-Айгыр жана Бостери айылдарындагы көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды жана 100 даана балык кармаган тор табылган", — дешти агенттиктен.

Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында уюштурулган иш-чарага дайверлер катышкан. Алар суунун түбүнөн көбүнчө желим бөтөлкө, балык кармаган тор жана пакеттерди алып чыгышкан.

"Балык уулоочу торлор арзан жана жеткиликтүү болгондуктан адамдар аларды көлгө таштап кетип калышууда. Сууда калган торлор куштар үчүн кооптуу", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдөн жалпы жонунан беш тонна таштанды чогултулуп, аны кайра иштетүү үчүн Балыкчыдагы атайын жеке ишканага берилди.