Ооругандар улам көбөйүп жатат. Бир суткада 175 кишиден коронавирус табылды

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 45 932ге жетсе, анын ичинен 42 147си ооруну жеңген. Тилекке каршы, оору 1 063 адамдын өмүрүн алган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 142 бейтап айыкса, ооруну жуктуруп алган 175 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек – 51;
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 23;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 12.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 18;
  • Ош – 22;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 50;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 41.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 45 932ге жетсе, анын ичинен 42 147си ооруну жеңген. Тилекке каршы, коронавирус 1 063 адамдын өмүрүн алган.

Азыркы учурда 643 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Ал эми 1 641 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.