Өлкөдө бир суткада 13 медиктен COVID табылды

Жалпысынан Кыргызстан боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 227 учур катталды. Андан 2918 медик ооруну жеңди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча 13 медиктен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, илдет жуктурган медиктердин көбү өлкөнүн түштүк аймактарында.

COVID-19 жуктурган медиктер:

  • Бишкек шаары – 4;
  • Ош облусу – 2;
  • Ош шаары – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 4.

Ошол эле учурда коронавирустан ооруканаларда дарыланып жаткан беш медик айыгып чыкса, үй карантининен 17 ак халатчан сакайган.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасынан 3 227 учур катталса, анын ичинен 2918 медик ооруну жеңди.