Ишкерди карактады деген шектүүнү спецназ кафеден кармады. Бишкектеги видео

Бишкектеги кафелердин биринен ыкчам аракеттеги жоокерлер менен милиционерлер ишкерди ээн жакка алып барып тоноп кеткен деп шектелген адамды кармады.
Sputnik

Видео министрликтин YouTube-каналына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 30-январь күнү болжол менен саат 21.00дөр чамасында болгон.

"Анда азиат тектүү эки адам Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен жеке ишкерге кол салган. Алар тапанча менен коркутуп, өзүнүн автоунаасы менен борбор калаанын четиндеги эски аэропорттун аймагына алып барышкан. Ишкерди бир күн кечке кармашып, 500 доллары менен 12 миң сомун алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

УКМК: Бишкекте баңгизат сатып жаткан полковник кармалды

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ушул жылдын февраль айында прокуратура иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берип, кылмыш иши Жазык кодексинин 202-беренесинин алгачкы үч бөлүмү менен ("Курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык кылуу") иликтене баштаган.

Натыйжада Бишкектен Талас облусунун 1995-жылы туулган жашоочусу кармалган. Анын мурда соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы белгилүү болду.  Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.