Казакстан расмий түрдө өлүм жазасын жокко чыгарды

Казакстан өлүм жазасын алып салган эл аралык протоколго кошулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров өлүм жазасын жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндөгү Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өлүм жазасын жокко чыгарган эл аралык протоколго кошулуу чечими кабыл алынганын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев дагы өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып билдирген.

Ал Казакстан жалпы негиз болуп берген жашоо укугун жана адамдык ариетти колдой турганын белгилеген.