Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду

Түйүн эки жыл мурда түзүлгөн. Анын курамына 140 шаар жана муниципалитет кирет. Мэриядан бул программанын пайдасын түшүндүрүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет коопсуздук боюнча глобалдык борбордон ушул түйүнгө кошулуу боюнча чакыруу алган.

Борбор 2018-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында түзүлгөн. Бул мэрлердин, губернаторлордун жана жергиликтүү практиктердин биринчи глобалдык түйүнү болуп саналат. Анын максаты — социалдык биримдик, туруктуулукту түзүү жана зомбулукка, экстремизмге каршы күрөшүү.

Учурда түйүнгө 140 шаар менен муниципалитет кирет. Маалыматка караганда, катышуучу шаарларга жергиликтүү жамааттардын укугун коргогон стратегиялык программаларды түзүүгө колдоо көрсөтүлөт.