Эксперт баскычтуу телефон кайрадан популярдуу болуп жатканын айтты

Адистин айтымында, көпчүлүк баскычтуу телефонду кошумча аппарат катары сатып алышат. Себеби ал смартфонго караганда бир катар артыкчылыкка ээ.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Баскычы бар телефондор жупуну көрүнгөнүнө карабастан кийинки учурда смартфондорго салыштырмалуу популярдуу болуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости "Интеллектуалдук резерв" компаниясынын өнөктөшү жана директору Павел Мясоедовге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, мындай аппараттар байланыштын сапатын камсыздап, батарейкасынын кубаты көпкө чейин жетет.

"Мурдагы баскычы бар уюлдук телефондор бир топ артыкчылыкка ээ. Аларды күн сайын кубаттап отурбайсыз, батарейкасы көпкө чейин чыдайт. Мындан тышкары, аба ырайынын өзгөрүшүнө дагы туруктуу келип, аймактарда барганда байланышты жакшы кармайт", — деген эксперт.

Телефондун SIM-картасынын блоктолуп калышынын негизги себептери айтылды

Ал кошумчалагандай, көпчүлүк баскычтуу телефонду кошумча аппарат катары сатып алышат. Ошондой эле жаратылышка чыкканда унутпай ала жүрүшөт.