Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты

Мамлекет башчы кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган 31 жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өткөнүн айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган 31 жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өткөнүн белгилеген.

"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты

"Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Ал өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат. Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү — келечек максатыбыз", — деген өлкө башчы.

Ал кыргыз тилинин келечеги кең болушун жана өлкөдө аманчылык, тынччылык болушун каалап өткөн.