Сузакта лицейдин эски жатаканасы жугуштуу оорулар бөлүмүнө айланды. Сүрөт

Район башчысы жергиликтүү бюджеттен акча албай элдин, ишкерлердин көмөгү менен жатакананы  оңдоп чыккан. Имарат 15 миллион сомго кайра жасалганы кабарланды.
Sputnik

ОШ, 23-сен. – Sputnik. Cузак районунда лицейдин эски жатаканасы оңдолуп, жугуштуу илдеттер ооруканасынын бир бөлүмүнө айланды. Бул тууралуу райондун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында, эски имаратты оңдоп-түзөөгө жергиликтүү тургундар жардамдашкан. 304 орундуу бөлүм учурда пайдаланууга берилди.

Маалым болгондой, райондогу №36 лицейдин беш кабаттуу жатаканасы бир топ жылдан бери оңдоп-түзөө иштерине муктаж болчу. Аны жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантуу демилгеси эки ай мурда көтөрүлгөн. Буга байланыштуу район башчысы жергиликтүү бюджеттен акча албай элдин, ишкерлердин көмөгү менен жатакананы кайра оңдотуп чыккан.

Имарат 15 миллион сомго кайра жасалганы кабарланды.

"Жатаканага суу киргизилип, чатыры да толугу менен алмаштырылды. Жуунуучу жай, ажатканаларына чейин оңдолуп, электр кубаты менен толук камсыздалды.  Бул жерде негизинен коронавирус жана пневмония илдетине чалдыккандар гана дарыланат. Коронавирустун экинчи толкунуна даяр туруу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшадык", — деди Омошев.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус илдети алгачкылардан болуп Сузак районунда катталган.