Ош шаарында 100 орундуу заманбап бала бакча ачылды. Сүрөттөр

Бала бакчада ата-энелер балдарын видеобайкоо аркылуу үйүндө отуруп көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарынын Амир-Темур аймактык башкармалыгында 100 орундуу заманбап балдар бакчасы колдонууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышканы айтылат.

Жалал-Абад облусунда быйыл 23 бала бакчаны бүткөрүү пландалууда

Ош шаарында 100 орундуу заманбап бала бакча ачылды. Сүрөттөр

Шаар башчысы балдардын келечеги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында калаада жылына кеминде үчтөн бала бакча курула тургандыгын белгиледи.

"Быйыл беш бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, жыл аягына чейин баарын тапшыруу пландаштырылган. Бүгүн жаңы ачылган "Ак-Кеме" балдар бакчасы интерактивдүү доска менен камсыздалды. Ошондой эле ата-энелер балдарын үйүндө отуруп видеобайкоо аркылуу көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Сарыбашов.
Ош шаарында 100 орундуу заманбап бала бакча ачылды. Сүрөттөр

"Ак-Кеме" балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулганы маалымдалды.