Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти

Президенттин ант берүү иш-чарасы Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында өтүп, ага саясатчылар, депутаттар, ЖМК жетекчилери, спорт жана маданият өкүлдөрү сыяктуу жүздөгөн киши катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Александр Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Бул тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги кабарлады.

"Президент Конституцияны кармап ант берип, андан соң ага Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина кызматтык күбөлүктү тапшырды", — деп айтылат макалада.

Аталган иш-чара Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында өтүп, ага саясатчылар, депутаттар, ЖМК жетекчилери, спорт жана маданият өкүлдөрү сыяктуу жүздөгөн киши катышты.

Путин менен Лукашенко эмне тууралуу кеп кылышты? Жолугушуунун урунттуу учурлары

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.