Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду

ТИМден билдиришкендей, коридор мурдагыдай эле бир гана жолу өтүп кетүү үчүн ачылат дагы, Россия-Казакстан чек арасы мурдагыдай эле жабык турат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Казакстан Россиянын Башкыртстан республикасында жана Оренбург облусунда кармалып турган кыргызстандыктарды автобус менен алып өтүү үчүн дагы бир ирет "жашыл коридор" ачып бермей болду. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул тапта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери Башкыртстандагы кыргыз жарандарын Соль-Илецк шаарына жеткирүү менен алектенүүдө. Алар чек арадан өткөн соң автобустарга отургузулуп, мекени тарапты көздөй жол тартат.

"Чогулган элдин саны өтө көп болгондуктан, кыргыз-казак чек арасын өтүү жана Кыргызстанды көздөй жөнөтүү процесси 24-25-сентябрь күндөрү эки этап менен өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМден билдиришкендей, коридор бир гана жолу өтүп кетүү үчүн ачылат, Россия-Казакстан чек арасы мурдагыдай эле жабык турат.

22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

Эске салсак, буга чейин Россия менен Казакстандын чек араларына жакын аймакта 3 200дөн ашык кыргызстандык мекенине кетүү үчүн чогулуп турганы кабарланган.