Финпол бюджетке 6 млн. сом зыян келтирди делген салыкчыны кармады

Мыйзамсыз патент бергенинин айынан ЕАЭБден ташып келинген товарларга салык төлөнбөй калганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Салык кызматынын Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы бюджетке алты миллион сом зыян келтирген деп кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, О.А. аттуу бөлүм башчы салык органынын башка кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, бир жаранга мыйзамсыз негизде патент берген. Бирок ал жаран анын атына патент берилгенин билген эмес.

"Ошол патент менен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн элге керектелүүчү товарлар ташып келинип, бирок салык төлөнбөй жүргөн. Мунун кесепетинен бюджетке болжол менен алты миллион сом түшпөй калган", — дешти Финполдон.

УКМК Бишкек менен Чүйдө ири салык төлөөчүлөрдү тескеген жетекчини кармады

Кармалган О.А. аттуу салыкчы 21-сентябрда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалат.