БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ж.А. башкалардан алынган 1,5 килограммдык баңгизатты — нашааны брикет түрүндө (166 даана) сатканга аракет кылган. Анын жалпы суммасы 581 000 сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды.
Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 267-беренесинин негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ж.А. УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.