Тыңгылыктуу санариптеше албай жатабыз! Суракматов бир жетекчини кызматтан алды

Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Суракматов шаардык кызматтардын санариптешүүсү ойдогудай жүрбөй жатканына нааразы болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов ишмердүүлүгүнө нааразы болгон соң Шаар чарбачылыгы департаментинин жетекчиси Нурлан Касымов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Суракматов шаардык кызматтардын санариптешүүсү ойдогудай жүрбөй жатканына нааразы болгон.

Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан бошотулду

"Бишкекте эмдигиче бир дагы бирдиктүү санариптик продукт жок. Тургундардын кызматтарды пайдалануусунда көйгөйлөр көп. Ал эми муниципалдык кызматтарды пайдалануу "өзүнчө эле азап", — деген  Суракматов Шаар чарбачылыгы департаментинин жетекчиси Нурлан Касымовго кызматтан кетүүсүн сунуштаган.

Мындан улам Касымов  ээлеген кызматынан бошотулуп, жетекчинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп орун басары Максат Шеримбаев дайындалды.