БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Баткен облусунда коронавирустан улам санитардык эрежелерди аткарбаган 24 ишканага бир күндө айып пул салынып, 88ине эскертүү берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Баткенде эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жаткандыктан, санитардык норманы сактоо боюнча талаптар күчөтүлүп жатат.
Кечээ, 22-сентябрда, облустун бардык аймактарында тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия рейд жүргүзүп, 135 объектини текшерген.
"Жергиликтүү бийлик жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору 15 протокол түзүп, 29 миң өлчөмүндө айып пул салды. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 9 протокол түзүлүп, 27 миң сом өлчөмүндө айыпка жыкты. Ошондой эле санитардык норманы сактабаган 88 ишканага эскертүү берилди. Тилекке каршы, анын ичинде эки жеке менчик бала бакча бар", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абадда тойкана ээлерине салынчу айып 60 миң сомго чейин жогорулады
Рейд учурунда калкка кызмат көрсөтүүчү соода түйүндөр, тамактануучу жайлар гана эмес, мамлекеттик мекеме-ишканалар да текшерилгени белгиленди. Натыйжада санитардык талаптарды сактабаган ишканаларга, анын ичинде бет кап кийбеген мамлекеттик кызматкерге тогуз мыйзам боюнча 1000 сомдон айып пул салынды.
Мындай рейддер облуста күн сайын уланары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, соңку учурда Баткенде коронавируска чалдыккандардын саны азайбай жатат. Акыркы суткадагы маалыматтарда Кыргызстан боюнча аталган облуста көп (29 адам) чыкты, тагыраагы бир күндө 29 адамдын COVID-19 жуктуруп алганы айтылды.