Россия өкмөтү: Жээнбековдун Россияга болчу иш сапарына кам көрүп жатабыз

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун РФке болчу иш сапарына кам көрүүдө. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди. 

Россия өкмөтү: Жээнбековдун Россияга болчу иш сапарына кам көрүп жатабыз

Белгилей кетсек, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү.

Оверчук жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан дагы бекемдей турганына ишенерин айтты.

Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди

Мындан тышкары, Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө дагы токтолду.

"Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын Россияга товар экспорттоосу 4,5 эсеге өстү. Бул Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүдөн пайда көрүп жатканынан кабар берет", — деди өкмөт мүчөсү.

Белгилей кетсек, Оверчук бүгүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов жана вице-премьер Эркин Асрандиев менен кезигип, бир катар маселелерди талкуулады.