Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.

 

"Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.