Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Кыргызстандын башчысы Россияга эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, Оверчук соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн атайын делегацияны баштап келди.

Россиянын вакцинасын жок кылуу далалаты: чоң саясаттагы чакан "келишим"

Жолугушуу учурунда Оверчук COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп козгоду.

"Коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте каралат", — деди Оверчук.

Ал ошондой эле КР президентине Россиянын президенти Владимир Путин менен өкмөт төрагасы Михаил Мишустиндин саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты

Ал эми Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы, орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразиялык фонд аркылуу 100 миллион доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.