Октябрда КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт

Бүгүн КМШга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жыйынга даярдык тууралуу талкуулашканы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун президенттер кеңешинин жыйыны 16-октябрда өтөт. Бул тууралуу Шериктештиктин аткаруу комитетинин сайтында маалымдалды.

Бүгүн КМШга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жыйынга даярдыкты талкуулашты. Иш-чара видеоконференция режиминде болмокчу.

Ушундай эле форматта 15-октябрга белгиленген ТИМ башчыларынын жыйыны дагы өтөрү айтылды.